08:58
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ош облусунун Кара-Суу шаарында кошумча калкты тейлөө борбору ачылды

2021-жылдын 15-июлунда Ош облусунун Кара-Суу шаарында кошумча калкты тейлөө борбору (КТБ) ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик кызмат алууда кезек күтүү убактысын кыскартуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ачылган КТБ 150-200гө чейин жаранды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Аталган КТБ 15-июлдан баштап жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн мурунку имаратында Кара-Суу шаары, Ленин көчөсү, 312 дарегинде жарандарды кабыл алат.

КТБнын жалпы аянты 150 чарчы метрден ашык.

Эң көп окулган жаңылыктар