10:44
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Ошто сел жүрүп, Ош—Папан—Кожокелең унаа жолу жабылды

Селден улам Ош-Папан-Кожокелең унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-июлда саат 19:30 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунда каттуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунун 45-48-чакырымдарын каптаган, учурда унаа жол жабык.

Жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө 1 экскаватор тартылган.

Кошумча маалымат берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар