20:18
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Садыр Жапаровду соттогон судья Жаңыл Мамбеталы кызматтан алынды

Жогорку соттун судьясы Жаңыл Мамбеталы кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында чечим кабыл алынды.

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Анарбек Калматов белгилегендей, отставка боюнча чечимди судья өз каалоосу менен кабыл алган.

Белгилей кетсек, Жаңыл Мамбеталы Бишкек шаардык сотунда иштеп жүргөн кезде, Садыр Жапаровго карата чыгарылган Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. 2017-жылы Садыр Жапаров 11,5 жылга соттолгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума