07:15
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү эмдөөдөн өтүүдө

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМ башчысы Улан Ниязбеков орун басарлары Нурбек Абдиев, Октябрь Урмамбетов жана Эркебек Аширходжаев менен бирге коронавирус илдетине каршы вакцина алышты.

«Ал эми министрдин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков эмгек өргүүсүндө болгондуктан, ал кызматка келгенден кийин коронавируска каршы эмдөөдөн
өтөт. Андан сырткары, ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамына вакцинаны алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар