00:48
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ташиев: Бакиев менен Атамбаевге иш козголуп, Акаевге издөө жарыяланды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы маалымат жыйында «Кумтөр ишине» байланыштуу мурдагы президенттер Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевге иш козголуп, Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирди.

«Тергөөнүн жыйынтыгында Бакиевге иш козгодук, Атамбаевге иш козгоп атабыз, Акаевге издөө жарыяладык. Жээнбековго азырынча эч нерсе жок. Эгерде бир нерсе чыга турган болсо, аны дагы жоопко тартабыз».

Ташиев «Кумтөр ишине» байланыштуу камалгандардын кылмыш ишинде мамлекетке чыгым 1 млрд. сом деп эсептелгенин кошумчалады.

УКМК Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерди иликтеп жатат. 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган.

2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев камакка алынган. 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков, 17-июнда мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалган. Аларга Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен айып коюлду. Кийинчерээк Талант Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыккан.

Мындан тышкары Кумтөр ишине байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, ЖК депутаты Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар күбө катары көрсөтмө берген.

Кумтөр — Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Кыргыз тарап «Центерра Голд» компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизген.

Эң көп окулган жаңылыктар