10:14
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Пандемия жана жайкы өргүү учурунда шайлоо. Мындай шарт ким үчүн ыңгайлуу

11-июль күнү Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Жыйынтыгы кандай болгон учурда дагы добуш берүү жокко чыгарылбайт. Эксперттер мындай шарт шайлоого катышып жаткан партиялар үчүн өтө пайдалуу экендигин белгилешет.

COVID-19 — шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга себеп эмес

Боршайкомдун мурдакы мүчөсү Атыр Абдрахматова COVID-19 коомчулукту жашоого, саясатка көз карашын өзгөртөт деп ишенет. Анткени, былтыры кыргызстандыктар башынан өткөргөн «кара июлдун» кайталанышы күтүлгөн болчу. Медицина тармагындагы эл аралык талдоочулар 2021-жылдын жай айында коронавирустун дагы бир катуу толкуну болорун айтышкан.

«Адамдар эптеп акча таппай менен убара болуп жатканда, бийлик илдетти көз илбей, эмдөө ишине кайдыгер болуп, вируска байланыштуу маалымдоо иштерин алсыз жүргүзүүдө. Вакцина сатып алуунун ордуна акчаны шайлоого жумшап, добуш берүүнүн жыйынтыгын жең ичинен чечүү аракеттери президенттин мурдакы жетекчилердин каталарын кайталап жатканын далилдейт. Ким күнөлүү? Анын командасы, айланасындагы топтор, же өзүбү?», — дейт Атыр Абдрахматова.

 Эмне үчүн кайра шайлоо июль айына белгиленди. Аны күзүндө парламенттик шайлоо менен бирге өткөрсө да болмок.

Атыр Абдрахматова.

Санитардык талаптар сакталбагандыктан оору күч алууда. Ага үгүт иштери кошумча болууда. Талапкерлер жолугушуу үчүн элди топтогон жокпу? Эпидиомологиялык кырдаалдан улам шайлоону кийинкиге жылдыруу боюнча сөз жок. Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдун айтымында, үгүт иштери башталгандыктан шайлоо убагында өтөт.

Аткаминерлер шайлоону жылдырууга каршы эмес, бирок, чечим республикалык штабдын сунушуна карата кабыл алынарын белгилешет. Штаб тарабынан андай бүтүм жок болгондуктан, добуш берүү убагында өтөрү анык.

«Пандемия учурунда шайлоонун өткөрүүнүн жол жобосу жок. Шаардык кеңешке дайым эле парламенттик жана президенттик шайлоого караганда аз киши катышат. Добуш берүүгө талапкерлер менен алар үгүттөгөн адамдар гана келишет. Мисалы, Бишкек менен Ошто добуш берүүгө шайлоочулардын 30 пайызы катышат», — дейт саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов.

Босого чек

«Общее дело» коомдук фондунун юристтери парламенттен жергиликтүү кеңешке шайлоонун босого чегин азайтууну суранат. Алардын айтымында, жергиликтүү кеңешке 3 пайыздык чек жетиштүү.

Эксперттер коомдук байкоочулардын саны боюнча дагы талапты кайра карап чыгууну сунуштайт. Алардын айтымында, байкоочулардын ыйгарым укуктары күчөтүлүп, алар шайлоо комиссияларын чечимин жокко чыгарууга даттана алышы керек.

Саясат тануучу Шерадил Бактыгуловдун пикиринде, жергиликтүү шайлоого коюлган 7 пайыздык босого чеги өзгөрбөйт. Бирок, шайлоого катышуучулардын саны кескин азаят. Кантсе дагы 2021-жыл өлкө тарыхында ар төрт мезгилде төрт шайлоо өткөрүлгөн жыл катары калат.

«Шайлоочулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар ачык жарыяланышы керек. Бишкек, Ош жана Токмок шаарындагы шайлоо тилкелеринде өзүнчө добуш берүү жайы ачылып, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү коопсуздук кийимдери менен камсыздалышы шарт. Ковид менен ооруканада жаткандардын дагы тандоосуна шарт түзүлүшү керек», — дейт Атыр Абдрамахтова.

Ишеним жана колдоо күтүлбөйт

Эксперттердин айтымында, шайлоого катышып жаткан партиялар үчүн учурдагы кырдаал ыңгайлуу. Саясый уюмдардын жетекчилери добуш берүүгө аз киши катышарынан күмөн санашпайт. Анын жардамы менен апрелде өтпөй калган партиялар дагы жергиликтүү кеңешке өтүп калышы мүмкүн. Анткени шайлоо чегин өтүү оңой болот.

 Мандат алуу үчүн шаардан 7 миңден 10 миңге чейин добуш алуу жетиштүү болот.

Шерадил Бактыгулов

«Учурдагы кырдаалды эске алуу менен 11-июлда шайлоочулардын 30 пайызы гана добуш берүүгө катышуусу мүмкүн», — дейт Атыр Абдрахматова.

БШКнын мурдакы мүчөсү, азыркыдай шартта шайланып келген партиялар каала бийлигине ишеним артып, колдобой тургандыгын айтышууда.

Саясат тануучу Игорь Шестаков шаарга кайра эле соода жана курулуш бизнесинин өкүлдөрү жулунуп жатканын, алар мандат аркылуу өз кызыкчылыгындагы гана чечимдерди кабыл аларын айтат.

«11-июлда шайлоочулар өтө аз келиши мүмкүн. Шаардыктарды добуш берүүгө активдүү катыштыруунун бир гана себеби бар — бул мэрди шайлоо», — дейт Игорь Шестаков.

Эң көп окулган жаңылыктар