10:18
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Гүлшат Асылбаеванын мыйзам долбоору добуш берүүдөн өткөн жок

Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору өтпөй калды.

Парламенттеги 59 депутат «макул» деп добуш берсе, 38и «каршы» болду. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өтүш үчүн 61 добуш талап кылынат.

Добуш берүүдөн кийин депутат Бактыбек Райымкулов айрым депутаттар адашып калганын айтып, кайра добуш берүүнү талап кылды. Буга эл өкүлү Дастан Бекешев каршы чыкты. Бирок, парламент башка маселени кароого өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар