03:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Садыр Жапаровдун Эмомали Рахмон менен жолугушуусунан кийинки билдирүүсү

«Биз бардык чек ара маселелерин чечүү жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын аныктоо иштерин активдүү улантуу боюнча мындан аркы кадамдарды белгиледик», — деп билдирди президент Садыр Жапаров 29-июнда, Душанбе шаарында.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Тажикстан менен көп кырдуу мамилелерди өнүктүрүүгө приоритеттүү маани берерин жана тышкы саясатында достукка жана ынак коңшулукка негизделген өз ара пайдалуу өнөктөштүктү чыңдоо боюнча буга чейин жетишилген бардык келишимдерди карманарын билдирди.

Садыр Жапаров сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча мазмундуу пикир алмашуу болгонун айтты. Мындан тышкары, региондук коопсуздук жана суу-энергетика чөйрөсүндөгү кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланды.

Президент жакынкы аралыкта Бишкекте өтө турган Өкмөттөр аралык комиссиянын 17-жыйынында тараптар натыйжалуу жана жемиштүү иш алпарышарына үмүт артарын билдирди. Аталган аянтча дагы соода-экономикалык кызматташтыкта көтөрүлгөн маселелерди ыкчам чечүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн, айрыкча чек ара аймагынын элдеринин ортосундагы ишенимди бекемдөөнү улантуу Кыргызстан менен Тажикстан үчүн өзгөчө маанилүү экендигин баса белгиледи.

Буга байланыштуу тараптар чек ара райондорундагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу, улуттар аралык кастыкты козутууга жана жергиликтүү калк арасында чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай деструктивдүү аракеттерге бөгөт коюу боюнча ишти күчөтүүнү макулдашты.

Кыргыз тарап чыр-чатактарды алдын алуу жана болтурбоо максатында эки тараптын чек ара айылдарында жашаган аксакалдарынан турган Тынчтык сактоо комиссиясын түзүү демилгеси менен чыкты.

«Биз эки мамлекеттин элдеринин гүлдөп-өнүгүшү үчүн алдыда биргелешкен күч-аракеттер менен өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун потенциалын көтөрүүнү көздөп жатабыз. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары кыргыз-тажик боордоштук мамилелерин жана өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жаңы, олуттуу дем берет, ошондой эле келечекте өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизги багыттарын аныктайт деп ишенем », - деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар