19:50
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон чек ара боюнча келишимге кол коюшкан жок

Президент Садыр Жапаровдун 29-июнда Тажикстанга болгон расмий сапарында Душанбе шаарында бир катар документтерге кол коюлду. Андан тышкары Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Тажикстандын Социалдык камсыздандыруу жана пенсия боюнча агенттигинин ортосунда пенсия менен камсыз кылуу жана социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  2. Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматы менен Тажикстандын Мамлекеттик кызмат агенттигинин ортосунда мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;
  3. Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Тажикстандын Жаштар иштери жана спорт комитетинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  4. «Кабар» кыргыз улуттук маалымат агенттиги менен Тажикстандын «Ховар» улуттук маалымат агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.
Эң көп окулган жаңылыктар