16:07
USD 87.45
EUR 102.22
RUB 1.14

Чүйдө жер титирөө катталды

Чүй районунда жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, 27-июнь күнү саат 13:19да Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Чүй облусунун Чүй районунун Чоң-Жар, Карагул айылдарында 3 балл, Кошой, Кегети, Арпа-Тектир айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар