19:27
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Кыздарга тийишкендерди жети суткага камоо сунушталууда

Ички иштер министрлиги кыздарга тийишкен жигиттерди жети суткага чейин камакка алууну сунуштады. Бул тууралуу 24-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракет көрүү комитетинде күч кызматкерлеринин айым депутаттар менен биргелешкен жыйынында айтылды.

«Биз ушул эле мыйзамга жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске аялдарга зомбулук көрсөткөндөрдү жана коркуткандарды камакка алуу ордерин берүү тууралуу беренени сунуштайбыз. Натыйжада улам тийишип, ыдык көрсөтүп жаткан жигит жети суткага камакка алынат жана андан жабыр тарткан кыз корголот», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар