USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Жеңиш Разаковдун айып пулдары жокко чыгарылгандыгы боюнча маалымат ырасталды

10:24, 18 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Коопсуз шаар» долбоорун аткаруучу «Вега оперейтинг компани» жабык акционердик коомунун журналист Улукбек Карыбек уулуна каршы доо арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, сот журналист тарабынан жарыяланган маалыматтын тактыгын ырастады.

Компания журналисттен 100 миң сом талап кылып, сотко кайрылган.

Белгилей кетсек, Улукбек Карыбек уулу өзүнүн YouTube-каналында жол эрежесин бузган бир катар аткаминерлердин айып пулу жокко чыгарылганын жазып чыккан. Алардын катарында мурдакы вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков дагы бар. Ал 264 жолу жол эрежесин бузуп, жалган номерлүү унааны айдап жүргөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика