09:24
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Түркмөнстанда гимназияларда мындан ары акы төлөнөт

Түркмөнстанда атайын мектептер менен гимназиялар акылуу болот. Бул тууралуу Turkmen.news билим берүү жөнүндө жаңы мыйзамга таянуу менен билдирди.

Жаңы мыйзамдын 39-беренесинде каржылоо тууралуу айтылган. Анда билим алуу мамлекеттик бюджет менен катар акы төлөөнүн эсебинен ишке ашары жазылган.

Буга чейин Ашхабадда № 21 мектеп биринчи ирет акы төлөнө турган окуу жай катары ачылган. 2020-2021-окуу жылдары ага адистештирилген мектеп деген макам ыйгарылган. Бул мектепте билим алууну баасы 250 манат (71,5 доллар) турат.

2019-жылы Ашхабадда окуучулар президент Гурбангулы Бердымухамедовдун китептерин сатып алууга мажбурланган. Ата-энелерге мындан ары президенттин китеп көргөзмөлөрү дайыма өтүп турары эскертилген.

Эң көп окулган жаңылыктар