23:08
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Парламенттин мурдакы депутаты Ширин Айтматова УКМКда сурак берди

Парламенттин мурдакы депутаты Ширин Айтматова УКМКда сурак берди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, Ширин Айтматова «Кумтөр» боюнча кылмыш иштин алкагында суралган. 

Эскерте кетсек, «Кумтөр иши» боюнча парламент депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов да камалган. Бешөөнө тең Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү, тагыраагы «Коррупция» менен айып тагылды.

«Кумтөр ишине» байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, депутат Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар да күбө катары көрсөтмө берип чыгышкан. Алар тергөөнүн купуялуулугу деп, сурактын чоо-жайын ачык айтыша элек.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума