13:47
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Таласта катуу шамал жүрдү

Талас облусунун аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-июнда саат 16:30 чамасында болжол менен ылдамдыгы секундасына 17-20 метрге жеткен шамал катталып, Талас шаарындагы көп кабаттуу турак үйдүн темир туникесин учуруп кетип, токтоп турган “Ауди-80” үлгүсүндөгү унаанын үстүнө түшкөн. Жабыркагандар жок.

Жерине ӨКМден 4 куткаруучу тартылып, унаанын үстүнө түшкөн жана асылып калган туникелерди коопсуз жайга жылдырып беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар