Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 9-11-июнь күндөрү Түркияда расмий иш сапары менен болот. Анын алкагында түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган баштаган жетекчилер менен жолугат. Ошондой эле президенттердин катышуусунда эки өлкөнүн Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин V жыйыны өтөт.
Андан сырткары Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТМКК) алкагында маселелер талкууланып, бизнес форум болот. Бул тууралуу 7-июнда расмий кабарланды.
Жапаровдун сапары теги түркиялык кыргыз жараны Орхан Инандынын дайынсыз жоголгон учуруна туш келди.
Кыргызстанда 20дан ашуун «Сапат» жеке лицейинин, эл аралык «Ала-Тоо» университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон. Ал Түркияда террорчу деп таанылгандыктан, жарандык коомдо «анын жоголушуна Анкаранын колу бар» деген божомолдор айтылууда. Түркия буга комментарий бере элек.