21:36
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бизнес: Жаңы Кодексттер криминалдашуу тенденциясын күчөтүүдө

Башкы прокуратура иштеп чыккан Жазык, Жазык-процесстик кодекстеринде криминалдашуу тенденциясы кайра күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Бизнес — Акыйкатчы институтунун адиси Айсанат Сафарбек кызы билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын өнүгүүсүнүн 2018-жылдан 2040-жылга чейинки Улуттук стратегиясы боюнча, 2040-жылы бардык экономикалык кылмыштар толугу менен криминалдан арылышы керек. Президент буга байланыштуу тиешелүү жарлыктарды кабыл алган.

«Президенттин 2021-жылдын 4-мартындагы «Ишкерлик субьектилерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү» жарлыгында КР өкмөтү Башкы прокуратура менен бирдикте тиешелүү өзгөртүүлөрдү Жазык жана Жазык-процесстик мыйзамдарына киргизүү маселесин кароого токтом кылынган. Анда ишкерлер менен инвесторлордун укуктарын укук коргоо органдарынын негизсиз жана мыйзамсыз аракеттеринен коргоо үчүн, бир нече пункттар менен ишкерлер жана инвесторлорду кылмыш жоопкерчилигинен коргоо каралган. Тилекке каршы, азыр сунуш кылынып жаткан кодекстердин жаңы редакциясы Президенттын жарлыктарына каршы чыгып жатат», — дейт ал.

Азыркы иштеп жаткан Жазык жана Жазык-процесстик кодекстеринде 47 пайызга чейинки экономикалык кылмыштар криминалдан арылтылган.

«Башкы прокуратура сунуш кылып жаткан Жазык кодексине дагы беш жаңы экономикалык кылмыштын түрү кошулганын көрдүк. Булар Жоруктар кодексинен көчүрүлүп келгени белгилүү болду. Мурда булар кылмыш иштери катары эсептелбесе, эми алар кылмыш иштери болуп эсептелет. Демек, бул жерде криминалдашуу саясаты жүрүп жатат. Мисалы, иштеп жаткан Жазык кодексинде 5 миллион сомдон жогору жасалган иш экономикалык кылмыш болуп эсептелсе, азыр сунуш кылынып жаткан жаңы редакцияда бул 500 миң сомдон ары эле экономикалык кылмыш катары эсептелет», — дейт Айсанат Сафарбек кызы.

«Эми бажы төлөмүн төлөөдөн баш тартууга кандай санциялар каралганына келели. Иштеп жаткан кодексте бул төлөмдөрдү төлөөдөн баш тартуу кылмыш катары 5 миллион сомдон ары карай сумманы түзөт. Ал эми сунуш кылынып жаткан кодекстин долбоорунда бажы, салык төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу негедир 100 миң сомдон тарта эле кылмыш болуп эсептелет деп жазышкан. Бул кайрадан криминалдашуу тенденциясынын күчөп жаткандыгын көрсөтөт. 100 миң сомдук төлөмдөрдү төлөөдөн баш тартуу сыяктуу иштерге көп сандаган ишкерлер кабылышат. Эми санкцияларын карасак, коюлган айыптардын кылынган кылмышка дал келбей жаткандыгы көп суроону пайда кылат», — деп белгилейт адис.

Эң көп окулган жаңылыктар