14:15
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жылдызкан Жолдошева Аскердик прокуратурада сурак берди

«Мекенчил» партиясыныны мүчөсү Жылдызкан Жолдошева Аскердик прокуратурада сурак берди. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Жылдызкан Жолдошеванын айтымында, аны 2012-жылкы Жогорку Кеңештеги чечим боюнча сурашкан.

«Менден ал кездеги депутат Садыр Жапаровдун «Кумтөр» боюнча токтомуна кандай добуш бергенимди сурашты. Мен колдогонумду айттым. Мен ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутатынын императивдик мандатын эске салып, ал чечимдери үчүн жоопко тартылбастыгын белгиледим», — дейт Жылдызкан Жолдошева.

Эскерте кетсек, «Кумтөр» боюнча козголгон иштин алкагында депутат Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдакы премьер-министр Өмүрбек Бабанов мурдакы депутат Исхак Пирматов, Талант Узакбаев кармалды. 

Эң көп окулган жаңылыктар