20:20
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

COVID-19. Бишкекте 19 миң 166 адам вакцина алды

Бишкекте коронавируска каршы вакцинаны 19 миң 166 адам алды. Бул тууралуу шаардын саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Эмделгендердин 6 миң 266сы экинчи дозаны дагы алышты.

«Алардын ичинен 2 миң 541и медик, 739у мектеп мугалими, 907си мамкызматкер, 5 миң 167си 65 жаштан жогору курактагылар, 347си күч структуранын кызматкерлери, 988и калган жарандар», — дейт ал.

Бишкекте төмөнкү жерлерде эмделүүгө болот:

— Биринчи май районундагы № 14, № 16 үй-бүлөлүк медицина борбору;
— Ленин районундагы № 2, № 17 үй-бүлөлүк медицина борбору;
— Свердлов районундагы № 4, № 8, № 9 үй-бүлөлүк медицина борбору;
— Октябрь районундагы № 15, № 19 үй-бүлөлүк медицина борбору.

Ошондой эле Калыс-Ордо, Учкун, Ак-Бата, Бакай-Ата, Ак-Босого конуштарындагы дарыгерлер амбулаторияларында эмдөө жүргүзүүлүүдө.

Мындан сырткары, 19-марттан тарта саат 15:00дөн 23:00гө чейин Бишкек шаардык студенттик бейтапканасында, № 8, № 14, № 18 үй-бүлөлүк медицина борборунда кечки эмдөө жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума