14:10
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Тажикстандын Башкы прокуратурасы чек арадагы жаңжал боюнча кылмыш ишин ачты

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын айрым аскер адамдарына жана жарандарына каршы кылмыш ишин ачты. Кошуна өлкө кыргызстандыктарды башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон деп айыптап, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны «агрессия» деп мүнөздөдү.

2-майда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатак учурунда «Головной» тилкесинде минометтен атылган октон кыргызстандык 25 адам каза болгонун билдирип, тергөө башталганын маалымдаган. Лейлек районундагы 12 жаштагы кыздын өлүмү, жолдогу автоунааларды аткылоодон каза болгондор боюнча жалпы 11 иш ачылды. Чектеш аймакта бери дегенде 11 айыл, 5 тозот жабыркады, бир айыл толук өрттөлдү.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын жалпы саны 35ке жетип, 183 киши жараат алды. Арасында 5 жана 13 жаштагы балдар бар. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады. Жүзгө жакын турак жай талкаланып, өрттөлдү.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандар жана курмандыктардын так саны тууралуу расмий маалымат бере элек. «Азаттыктын» тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Исфара районундагы Кожалы (Хожа Аъло) жана Сомониён айылдарында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчирлери 1-майга караган түнү ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгарып кетүүнү макулдашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар