22:11
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Садыр Жапаров шайлоочуларынан аны аягына чейин колдоп турууну суранды

Президент Садыр Жапаров шайлоочуларынан аны аягына чейин колдоп турууну суранды. Бул тууралуу ал «Пирамида» телеканалына берген маегинин соңунда айтты.

Ал 80 пайыз шайлоочулардын колдоосу менен экономикасы эңшерилген өлкөгө президент болгонун белгилеп өттү.

«Мени колдогондор аягына чейин колдогула. Ишенсеңер аягына чейин ишенгиле. Мен эч ким жер каратпайм. Мен сөзүмө турам, үй-бүлөлүк, кландык башкарууга жол бербейм. Коррупционерлер менен күрөшүп, оюу бузук оппозиционерлерге каршы туруп, реформа жүргүзүү үчүн артымда элим турат деген ишеним керек», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар