14:09
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов COVID-19га каршы вакцина алды

Бүгүн, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Кытай өндүрүшүнүн коронавирус инфекциясына каршы «Синофарм» эмзатын алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Эмдөө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт, аны баардыгы ала алышат! Эмдөө — өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүү болуп эсептелет.

Эмдөөгө байланыштуу бардык суроолор боюнча мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Иммунопрофилактика бөлүмүнө кайрылсаңыз болот: 546521, 546104.

Эске салсак, 19-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору кытайлык өндүрүүчү Beijing Institute of Biological Product Co.Ltd компаниясы аркылуу 150 миң доза «Синофарм» инактивацияланган эмзатын алган. Эмдөө 25-28 күндүн аралыгы менен эки жолу жүргүзүлөт. Бул эмзат менен эмдөөдөн кийин терс таасирлери байкалган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар