13:38
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Спутник V» вакцинасын биринчилерден болуп хирург Мамбет Мамакеев алды

Кыргызстанда россиялык «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө башталып, алгачкылардан болуп аны белгилүү хирург Мамбет Мамакеев алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

«Дарыгер Мамбет Мамакеев «Спутник V» вакцинасын алгачкылардан болуп алды. Препараттын бул партиясы 65 жаштан жогоркуларга жана өнөкөт оорусу бар жарандарга сайылат. Ал эми биринчи этапка кирген топ мурдагыдай эле Кытайдын Sinopharm вакцинасын алуусун улантышат», — деп айтылат билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби