11-апрелде өткөн Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өттү. Ага бюджеттен 55 миллион 642 миң сом бөлүндү. Дүйнө коронавирус пандемиясы менен күрөшүп жаткан кезде бийликтин шайлоо үчүн ири өлчөмдөгү акчаны коротуп жатканы коомчулукта нараазычылыкты туудурду.
24.kg агенттиги конституциялык реформанын ордуна ал акчаны кайсы жакка коротсо болорун анализдеп чыкты.
Пандемия
Кыргызстанда май-июнь айларында пандемиянын үчүнчү толкуну күтүлүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул боюнча жыл башынан эле айтып келе жатат. Элге жарыяланганы менен мамлекеттик органдар тарабынан алдын-алуу жана даярдык көрүү жаатында алгылыктуу иштер болгон жок. Медицина кызматкерлери кошумча төлөмдөрдүн төлөнбөй жатканына даттанса, стационарларда орундар жетишсиз бойдон калууда. Эл топтолгон иш-чаралар токтотулбай, санитардык талаптар көз жаздымда калууда.
Референдумдун ордуна акчаны вирустун жайылышына каршы чараларга коротууга болот болчу.
Албетте мамлекеттик масштабда бул өтө чоң акча эмес. Бирок, саламаттыкты сактоо тармагы үчүн жакшы жардам болмок. Мисалы, бир жаңы ооруканага салып кое алмакпыз. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматында, 14 оорукананын курулуш жана оңдоп түзөө иштерине 319,6 миллион сом жумшалды. Демек бир оорукана 23 миллион сом турат. Референдумдун ордуна эки медициналык жай пайда болуп калмак.
Өлкөгө ооруканага гана эмес, коронавируска чалдыккандарды дарылоо үчүн кислороддук концентратор жана ИВЛ аппараттар керек. 55,6 миллион сомго 43 ИВЛ аппарат, же 856 кислороддук концентратор сатып алууга болот.
Июль айында коронавирус күчөгөн мезгилде 20 миң 520 медициналык кызматкер COVID-19 менен күрөшкөн. 55, 6 миллион сомго ар бир медикке 2 миң 712 сомдон жардам көрсөтсөк болмок.
Пенсия жана жөлөк пул
Кыргызстанда пенсиянын орточу бөлүгү 6 миң 61 сомду түзөт. Өкмөт референдумга коротулган акчага 9 миң 180 пенсионердин айлык төлөмүн төлөп бермек.
Жөлөк пул алган адамдардын саны 508 миң 200 адам, 55,6 миллионду аларга 3 миң 935 сомдон бөлүп берсек болот эле.
«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулу 810 сомду түзөт. Ал эми социалдык жөлөк пул 3 миң сомдун өлчөмүндө. Ошондо референдумдун ордуна 70 миң балага жана 18 миң адамга жөлөк пул төлөп бере алмакпыз.
Мектеп, бала бакча жана жолдор
Өлкөдө мектеп жана бала бакчалар жетишпейт. Жаңы имаратты курууга жана эскилерди оңдоого адаттагыдай эле өкмөттө каражаттын жетишсиздигине даттанышат.2020-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунун Маданият айылында 225 орундуу мектептин курулушу башталды. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматында, курулуш 890,8 миң долларга бааланды.
55,6 миллион сомов можно построить одну среднюю школу почти на 200 мест.
Бишкек шаарындагы Салык кызматынын күйүп кеткен имаратынын ордуна 100 орундук бала бакча курулду. Имараттын ички аянтты 1 миң 216 чарчы метрди түзүп, ага 35 миллион сом коротулду. Конституциялык реформанын ордуна эки бала-бакча куруп, шаардагы балдардын ээн эркин ойносууна шарт түзүп, алардын ата-энесинин жүгүн жеңилдетмекпиз.
Эсептөө палатасынын экс-төрагасы Элмира Ибраимованын айтымында, бир чакырым жолдун курулушу 0,7-3,1 доллар турат. Мисалы, Ош-Баткен-Исфана жолунунун бир чакыры 737,4 миң долларды түздү. Ушул эсеп менен эсептей турган болсок, 55,6 миллион сомго 1