Жай мезгилине даярдануу максатында «Западный» суу алуучу жайындагы жана Бишкек шаарынын суу түтүктөрүндөгү жумуштарга байланыштуу, эртең, 20-апрелде саат 09:00дөн кечки 22:00гө чейин Садыгалиев көчөсү, Чоң Чүй каналы (Пригородное), «Ала-Арча» дарыясы жана темир жол линиясы менен чектелген аймакта, анын ичинде: Волков, Кустанай, Садыгалиев көчөлөрү жана Чоң Чүй каналынын аянтында ичүүчү суу убактылуу үзгүлтүккө учурайт.
Сууну өчүрүү «Кызыл Аскер» конушуна, 110-кварталга, «Достук» кичи районуна таасир этет.
Тейлөө жана оңдоо иштерине байланыштуу «Бишкекжылуулукэнерго» комуналдык ишканасы төмөнкү от казандарында жылуулук энергиясын ысык суу түрүндө берүүнү убактылуу токтотууга аргасыз болот:
• «КЭЧ-1» от казаны;
• «КЭЧ-2» от казаны;
• «Факел» от казаны;
• «БСМ» от казаны;
• № 1- мектеп-интернаты;
• № 705- аскер бөлүгү;
• № 15- орто мектеби;
• № 49- орто мектеби.
«Бишкексууканал» өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгы, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардан жана уюмдардан ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт.