11:40
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Райымбек Матраимовго карата кылмыш иши токтотулду. Ал абактан бошотулду

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

УКМК мурда билдиргендей, 2021-жылдын 18-февралында Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, камакка алуу баш коргоо чарасы каралган.

Эми кылмыш иши токтотулуп, баш коргоо чарасы жокко чыгарылганы айтылды.

Ошол эле учурда Матраимов өз ыктыяры менен базар баасы 20 миллион сомдон жогору жалпы аянты 232,3 чарчы метр батирин мамлекеттин бюжетине өткөрүп берди.

Эң көп окулган жаңылыктар