11:42
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жалал-Абадда шектүүнүн үйүн тинтүүдө ок-куралдардын арсеналы табылды

Жалал-Абад облусунда шектүүнүн үйүн тинтүүдө ок-куралдардын арсеналы табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери апрель айынын башында ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сатууну көздөп жаткан жарандар жөнүндө ыкчам маалымат алышкан.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмү («Куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

7-апрелде Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында саат 09:30дар чамасында тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда «Мицубиси» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Кароо жүргүзүү учурунда автоунаадан 7.62 мм калибрдүү СКС үлгүсүндөгү карабин (ок атуучу курал) табылган. Унааны Аксы районунун Д.Р. аттуу жашоочусу башкарып келе жаткан.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында окуяга шектелген Аксы районунун 70 жаштагы Д.Э. аттуу тургунунун жашаган жерине түнтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Тинтүү жүргүзүү учурунда үйүнөн СКС үлгүсүндөгү карабин, 2 бирдик ТОЗ-8 үлгүсүндөгү курал, 2 бирдик 16 жана 12 калибрдүү сайсыз ок атуучу курал, андан сырткары, пневматикалык тапанча жана күжүрмөн куралдардын ар кандай тетиктери табылган.

Ошондой эле ар кандай түрдөгү ок-дарылар табылып алынды: 30 даана 7,62 калибрдүү ок, 50 даана 5,45 калибрдүү ок, 37 даана майда ок атуучу куралдын октору, 16 жана 12 клибирдүү 40 ок жана 140 гильза менен күкүрт.

Уруксат алган документтер бир гана куралга тиешелүү болгон.

Андан сырткары, үйдөн Кызыл китепке кирип, атууга уруксат берилбеген эки сүлөөсүндүн териси табылды. Аны менен бирге болжол менен баңгизаттарга окшош зат дагы табылып алынды. Бул боюнча экспертизалар дайындалга

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума