USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

COVID-19. Үйдө дарылануудан кийин оор абалда ооруканага жеткирилгендер көбөйдү

13:21, 12 апреля 2021, Бишкек - 24.kg
Үйдө дарылануудан кийин оор абалда ооруканага жеткирилген бейтаптардын саны көбөйдү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
 
Анын айтымында, учурда ооруканада 340 бейтап дарыланууда. Анын 19у жандардыруу бөлүмүндө жатат.
 
«Аймактардагы оор абалдагыларды бизге которуп жатышкандыктан Бишкекте өлгөрдөрдүн саны өсүүдө. Андан тышкары, үйдө жатып абалы оорлошкондон кийин гана дарыгерге кайрылгандар көбөйдү. Жеке менчик клиникада дарыланып, туура эмес дарылангандар дагы бар», — дейт ал.
 
Акыркы үч күндө Кыргызстанда 12 адам вирустан каза тапты, алардын жетөө Бишкек шаарында көз жумду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика