12:56
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өкмөт Орусиядан өз баасында кумшекер менен өсүмдүк майын алып келатат

Кыргызстан азык-түлүк базарындагы бааны турукташтыруу максатында Орусиядан кумшекер жана өсүмдүк майын өз баасында сатып алып, апрель айында өлкөгө алып келгени жатат. Бул тууралуу Айыл, суу чарбасы жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Темиржан Мааткеримов билдирди.

Анын айтымында, 500 тонна өсүмдүк майы жана 3000 тонна кумшекер жеткирүү боюнча келишим түзүлдү.

Май жана кумшекер Материалдык резервдер боюнча мамлекеттик фонддун кампасына келип түшөт.

Соңку бир жылда Кыргызстанда азык-түлүк эки эседен ашуун кымбаттады.

Премьер-министр Улукбек Марипов 12-мартта КТРКга курган маегинде азык-түлүк баасын арзандатуу үчүн бюджеттен акча бөлүнгөнүн билдирген. Марипов кымбаттоону Кыргызстандын ички базарынын импортко көз карандылыгы менен түшүндүргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби