02:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Замир Каражанов: Кыргызстанда бийлик инвесторду атайын жарга такайт

Фото Политолог Замир Каражанов

Казакстандык политолог Замир Каражанов Кыргызстандын ири кендеринин айланасындагы кырдаал боюнча 24.kg агенттигине өз оюн билдирди.

Замир Каражановдун айтымында, Кыргызстанда инвесторлордун иштөөсүнө атайын кризис жаратып, аны жарга такашат.  «Мындай кырдаалда инвесторлор дароо эле бийликтин шартына көнүп, алар менен сүйлөшүүгө барат», — дейт саясат тануучу.

Ал «Жерүй» кенинин ачылышына Россиянын президенти Владимир Путиндин катышышы кокустук эместигин белгилейт.

«Бул эки өлкө ортосунда экономикалык байланыштын жана кызматташтыктын бекемделишин көрсөтүү аракети. Владимир Путин «Жерүй» алтын кенинин ачылышына катышып, Кыргызстанда иштеген россиялык инвесторлорго колдоо артарын билдирди. Бирок, бул Кыргызстандын шартында толук коргоо жана кол тийбестик бар экенине кепилдик боло албайт», — дейт ал.

Кыргызстанда мамлекеттик аппарат менен чет элдик бизнес ортосундагы мамиле жолго коюлган эмес.

Замир Каражанов

«Кыргызстанда инвесторлор кызыктуу абалда турушат. Мен буга чейин да айтып келгендей, кандай гана бизнес болбосун, чет элдик болсо дагы, ал өзүн-өзү коргой алат. Ал үчүн мыйзамдарды так аткарып, салыктарды убагында, ачык төлөө керек. Көптөгөн байкоочулар алардын ишине көзөмөл салып, эрежелердин аткарышын талап кылып турушат. Кыргызстанда бул тартип же иштебей, же жарым-жартылай гана иштейт», — дейт ал.

Алтын өндүргөн жана чет элдик компанияларга болгон кызыгуу жана байкоонун астында салык мыйзамдарын жана талаптарды тоготпой иш алып баруу мүмкүн эмес.

Замир Каражанов

«Тынымсыз текшерүүлөрдүн түпкү максаты көзөмөл эмес, чет элдик бизнеске кысым. Анткени өлкөдө мыйзамдар иштебейт. Себеби, өлкөдө мыйзамдар иштебейт. Көз карандысыз, калыс жана акыйкат сот бийлиги жок. Андыктан Кыргызстанда иштеген инвесторлордун колу кишенделген. Алар өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын талаша албайт. Мындай шарттар бийлик үчүн ыңгайлуу», — дейт саясат тануучу.

Мамлекетте инвесторлорго калыс мамиле жок болгондуктан өлкө башчыларынын убадаларына ишенүү кыйын.

Замир Каражанов

«Кыргызстан инвесторду коргоо жаатында так жоболорду жазып чыкмайын бүгүнкү абал кайталана берет. Иштебеген мыйзамдар, бизнесменди атайын кризиске түрткөн жагдайлар чет элдик ишкерди бийлик менен сүйлөшүүгө мажбурлап, тар чөйрөнүн кызыкчылыгына жараша иш алып барууга үндөйт», — дейт ал.

Бюджеттин негизги бөлүгүн түзгөн ишканаларга мындай мамиле — чоң жоопкерчиликсиздик жана алдын көрө албагандык.

Замир Каражанов

«Эгер чет элдик ишкер өзүнүн келечегине ишенбесе, анда ал убактылуу кызыкчылыкка таянып иш алып барат. Башкача айтканда, бүгүнкүсү менен жашап, кыска мөөнөттө көбүрөөк пайда алып, андан кийин өндүрүштү токтотуп, өлкөдөн чыгып кетүү аракетинде иштейт. Эгер өкмөт инвестор аймактын өнүгүүсүнө салым кошуп, салыктарды толук төлөөсүн кааласа, анда аны менен келечектүү пландарды түзүшү зарыл», — дейт эксперт.

Эң көп окулган жаңылыктар