23:28
USD 87.41
EUR 103.01
RUB 1.12

Өзбекстанда 1-апрелден тартып карантиндик чектөөлөр киргизилет

Өзбекстанда Атайын республикалык комиссия эпидемиологиялык абалдын курчушунун алдын алуу үчүн 1-апрелден тартып бир катар чектөөлөрдү киргизет.

1-апрелден тартып аш-тойлорду өткөрүү учурунда санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлөт. Коноктордун саны 100дөн ашпоого тийиш.

Мындан тышкары театр, кино жана концерттик программалар учурунда көрүүчүлөрдү жана тейлөө кызматкерлерин беткап менен камсыздоо боюнча тапшырма берилди. Залдын 50% гана толууга тийиш, көрүүчүлөр аралыкты сактап отурууга, дене табын өлчөтүүгө милдеттендирилет.

Уюштуруучулар залда карантин эрежелеринин сакталышына жооптуу болушат.

Эң көп окулган жаңылыктар