13:30
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Владимир Путин коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Россиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу ТАСС агенттигине өлкө башчысынын пресс-катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Анын айтымында, Путиндин абалы жакшы, ал бүгүн кадимкидей жумуш күнүн өткөрүүдө.

Путин кайсы вакцина менен эмделгени ачыкталбайт.

Дмитрий Песковдун айтымында, Россия президенти өлкөдө иштелип чыккан үч вакцинанын бирин кабыл алган. Россияда «Спутник V», «ЭпиВакКорона» жана «КовиВак» вакциналары иштелип чыкты. 

 
Эң көп окулган жаңылыктар