01:21
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Кыргызстанда дагы бир эл аралык аэропорт пайда болот

Кыргызстанда дагы бир эл аралык аэропорт пайда болот. Бул тууралуу «Манас» аэропорту маалымдады.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусундагы «Кербен» аэропортунун инфраструктурасын жаңылоо, кеңейтүү иштеринен кийин жүргүнчүлөр каттамын аткаруу мүмкүнчүлүгү жогорулайт.

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы «Кербен» аэропортун модернизациялоого өз ара пайдалуу шарттарда менчик формасын өзгөртүү укугусуз түз инвестицияларды салууну пландаштыруу боюнча кызматташуунун жолдору талкууланып жатат.

Бул кызматташуунун жыйынтыгында «Кербен» аэропортунда ИКАОнун эл аралык стандарттарына жооп берген жаңыланган учуп-конуу тилке пайда болот.

Реконструкцияланган аэропорт эл аралык аэропорт макамын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар