Португалия, Словения жана Латвия AstraZeneca вакцинасын колдонууну токтотту. Бул тууралуу РИА Новости билдирет.
Маалыматка караганда, Португалияда эмдөөдөн кийин вакцина эки учурда терс таасир берген. Мындан улам өлкө бийлиги вакцинаны колдонуудан алды.
Словениянын саламаттыкты сактоо министри Янез Поклукар AstraZeneca вакцинасынын айланасындагы шектенүүлөрдөн улам, аны колдонуу токтотулуп, дагы бир жолу текшерүүдөн өтөрүн кабарлады.
Канаданын Квебек аймагынын өкмөтү AstraZeneca вакцинасы менен эмделүүдөн баш тартуу катталганын белгиледи.
Австрия, Эстония, Литва, Люксембург, Дания, Болгария, Норвегия, Исландия, Словения, Кипр, Италия, Франция, Германия жана Испания дагы вакцинаны колдонууну токтотту.
AstraZeneca Улуу Британиянын фармацевтикалык компаниясы жана Оксфорд институтунун тарабынан иштелип чыккан.