Эркин Тентишев өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Ноябрь айынан бери бул кызматты аркалап келген Мирбек Мияров башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду.