10:15
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Кумтөрдүн» эмгек жааматы президент Садыр Жапаровго кайрылды

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын эмгек жамааты президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жана премьер-министр Улукбек Мариповго ачык кат менен кайрылды.

Катта эмгек жамаат ири ишкананын айланасындагы окуяларга тынчсызданып жатканы айтылат. Айрыкча, компаниянын жумушчулары кен боюнча кезектеги мамлекеттик комиссиянын түзүлүшүнө тынчсызданышат.

Мындай комиссия 2013-жылы иш алып барып, анын бүтүмү баардык мамлекеттик органдарда бар экени белгиленет.

Мамлекеттик органдардын ишкерликке киришиши инвестицияны коргоо саясатына каршы келери айтылат.

«2020-жылдын 11-декабрында «Укук коргоо органдары тарабынан ишкерлик субъекттерди текшерүүгө тыюу салуу» жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Бирок, мамлекеттик органдар бул мамлекеттик саясатты четке кагып, учурдагы дүйнөлүк экономикалык кырдаалда ар бир кошумча текшерүү абалды курчутарын эсепке алышпайт», — дейт ишкана жумушчулары.

Мамлекеттик комиссия өлкөнүн мыйзамдарына каршы келери көрсөтүлөт.

«Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамдын 107-беренесине ылайык парламенттин мөөнөтү бүтөрүнө 4 ай калганда депутаттык комиссия түзүүгө тыюу салынат. Бир эле маселе боюнча эки, же андан ашык комиссия түзүүгө дагы жол берилбейт», — деп айтылат катта.

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын эмгек жамааты өлкө жетекчилигин биринчи кезекте экономиканы ойлоого чакырат.

«Азыр өлкөгө ар бир инвестор зарыл. Парламентте көтөрүлгөн ар бир билдирүү биздин өлкөнүн тышкы инвестициялык жагымдуулугуна, Кыргызстандын «Кумтөр» долбоорундагы акциясынын наркына, андан киреше алып турган мамлекеттик бюджетине, ишканада иштеген миңдеген жумушчулардын үй-бүлөлөрүнө таасир берет», — дейт жамаат.

Эң көп окулган жаңылыктар