04:13
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Аксыда алты адам ууланып каза болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда уулануудан каза болгондордун саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жергиликтүү айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар белгисиз затка 1-март күнү ууланган.

«Ууланып каза болгон адамдардын саны алтыга жетти. Үч күн мурун бир жерде отурган 20 адам белгисиз затка ууланган экен. Учурда үч адам райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калгандарынын абалы жакшы эле. Алардын эмне ичкени азырынча белгисиз. Айрымдар спирт ичимдигин ичкен экен деп жатышат. Так маалымат экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот», — дешти айыл өкмөтүндө.

Буга чейин Жалал-Абад облустук милициясы үч адам каза болгондугу тууралуу маалымат

Эң көп окулган жаңылыктар