16:53
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Садыр Жапаров менен жолугушуу үчүн мигранттар аргасыздан ПЦР тест тапшырышты

Садыр Жапаров менен жолугушуу үчүн мигранттар 2 миң рублдан коротуп, аргасыздан ПЦР тест тапшырышты. Бул тууралуу «Марал» радиосуна Москвадагы «Ноокат» коомунун жетекчиси Толкунбай Акматов билдирди.

Анын айтымында, жолугушуу залы толгон жок.

«ПЦР-тест тапшыруунун орточо баасы 2 миң рубль турат. Поликлиникага катталган айрымдар бекер тапшыра алат, бирок жолугушууга 300дөй адам чакырылса, анын жарымы эле тест тапшырды, 300 миң рубль жөн эле асманга учту. Аны да эки жерден текшеришти. Зал толбой калды, менимче, тест тапшырууга тыйын короткусу келбегендер болду окшойт», — дейт ал.

Толкунбай Акматов суроо берүү үчүн тизме алдын-ала түзүлүп, даярдалгандарга гана микрофон сунулганын белгилейт.

Социалдык тармакта дагы Москвадагы мигранттар президент менен жолугушууга нараазычылык билдиришүүдө. Алар «Мекенчил» партиясынын өкүлдөрү гана чакырылып, калоо-тилек, мактоолор менен өткөнүн айтышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар