03:20
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жапаров орус тилинин айланасындагы «саясий манипуляциядан» баш тартууга чакырды

резидент Садыр Жапаровдун «Слово Кыргызстана» гезитинин 19-февралдагы санына «Өнөктөштүк байланыш» аттуу макаласы жарыяланды.

Анда ал Кыргызстан менен Орусиянын элин бириктирген орток баалуулуктар, орус тилинин Кыргызстандагы ролу, эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгы тууралуу ойлорун жазган.

Орусия менен Кыргызстандын 19-кылымдан берки ымаласына саресеп салып, орус тили кыргызстандыктар үчүн замабап маданият, адабиятты үйрөнүүдө кубаттуу курал экенин баса белгиледи.

«Негизги маалыматты биз орус тилинде алабыз. Коомдогу негизги байланыш тили катары жаштар, актер, ырчылар баары бул тилде сүйлөп, орус тилинде мыйзамдар, ар түрдүү жарнамалар жазылууда. Кыргыз тили да орус тили менен катар өнүгүшү керек. Биздин өлкөдө орус тили — расмий тил эле эмес, улуттар аралык пикир алышуу тили. Мыйзамдар менен корголуп, статусу Конституцияда бекиген, мен өлкөдөгү ар бир атуулдун эркиндигин, кепилдигин президент катары бул маселени саясий өңүттө ар кимдин өз максатына колдонушуна жол бербейм. Муну менен катар заманбап жашоодо англис тили баштаган экиден көп тилди үйрөнүү тенденциясы калыптанды. Мен өсүп келе жаткан муунду чет тилдерди терең өздөштүрүүгө чакырып, англис тили эл аралык баарлашуунун тили экенин айткым келет», — деп жазган Жапаров.

Ал алдыда Орусияга белгиленген иш сапарында 2020-жыл Орусия менен Кыргызстандын ортосунда кайчылаш жыл деп аталганын, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында 200 иш-чара пландалганы менен пандемиядан улам ишке ашпай калганын белгилеп, быйыл бул демилгени улантуу сунушун жасай турганын жазган. 

Эң көп окулган жаңылыктар