Бишкектин Дайыр Асанов көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, үйдүн жыгач устундуу шифер жабылган 50 чарчы метр чатыры жана эшик терезелери күйгөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттүн кесепетинен 53 жаштагы эркек киши денесинен 1-даражадагы күйүк алды. Анын абалы туруктуу.
Өрттүн себеби такталууда.