USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Өзбекстанда жапырт башаламандык үчүн жоопкерчилик киргизүү сунушталууда

09:26, 16 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Өзбекстандын мыйзам чыгаруу палатасынын эки фракциясы жапырт башаламандыкка жана зомбулукка чакыруу үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштады.

Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Документке ылайык, бийлик өкүлүнүн мыйзамдуу талабына баш ийбегендер, жапырт башаламандыкка жана зомбулукка чакыргандар айыппулга жыгылып, эки жылга чейин түзөтүү жумушуна тартылып, 3төн 5 жылга чейин шарттуу түрдө кесилип же 3төн 6 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Мындан тышкары мыйзамдуу документтердин талаптарын бузуп, медиа аркылуу аны аткаруудан баш тартууга чакыргандарга 60-80 эсептик көрсөткүчтө айыппул салынышы мүмкүн.

Веб-сайттардын ээлерине, анын ичинде блогерлерге уруксатсыз митинг, жүрүш, демонстрация өткөрүүгө чакырууга, коомдук тартипке жана коопсуздукка коркунуч жараткан жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика