Эне-баланы коргоо улуттук борборунда үч бала кавасаки синдрому менен дарыланууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Камчыбек Узакбаев билдирди.
Анын айтымында, балдардын абалы туруктуу.
«Пневмония менен көп балдар кайрылууда. Азыр ооруканада 100 бала жатат. Министрлик менен бирге кошумча орундарды ачуу жагын караштырып жатабыз», — дейт Камчыбек Узакбаев.