USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

ГЭС-2 айылында турак үй жарылып, өспүрүм каза тапты

16:25, 11 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Чүйдө ГЭС-2 айылында турак үй жарылып, быйыл 13 жашка чыга турчу өспүрүм каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кырсык 11-февралда, Аламүдүн районунда болгон. Анда Гагарин көчөсүндө жайгашкан № 68 турак үй жарылган. ӨКМ кабарлагандай, кырсык газ түтүгү жарылгандан улам келип чыккан.

«Кырсыктын кесепетинен 13 жаштагы өспүрүм каза болуп, дагы бирөө жабыркаган», — деп айтылат маалыматта.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18