23:21
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Актау шаарындагы жарылуудан эки киши мерт болду

Казакстандын Актау шаарында металл кабыл алуучу базада жарылуу болуп, эки киши өлдү. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети билдирди.

Комитеттин маалыматына караганда, жарылуу 11-декабрда болгон.

Анын кесепетинен үч адам оор жаракат алып, экөө мерт болгон.

Казакстан ички иштер министри Калмуханбет Касымовдун айтымында, базада кандай предмет жарылганы тактала элек.

«Металл жыйноочулар эч жерде каттоодон өткөн эмес. Талаадан алты кап металл чогултуп, кабыл алуу жайына алып барышкан. Ал жер дагы каттодон өткөн эмес. Металл тапшыруу учурунда жарылуу болуп, аны тапшырган жана кабыл алган киши каза тапкан. Үч адам жаракат алган, алардын бирине ошол жерден жардам берилип, экөө ооруканага жеткирилген», -деди ал.

Министр полиция аскер тергөөчүлөрү менен бирге иликтөө иштерин баштаганын билдирди. Чиновник «снаряд жарылган болушу ыктымал» деген божомолдорду четке какты.

Эң көп окулган жаңылыктар