USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Кыргызстан Россия менен Кытайдын вакцинасына ыктоодо

12:21, 11 февраля 2021, Бишкек - 24.kg

Россия жана Кытайда чыгарылган вакциналарды пайдалануу маселеси иштелип чыгууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн премьер-министр Улукбек Марипов өлкөдөгү коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө жалпы билим берүү мектептеринин жана бала бакчалардын ишин ырааттуу жандандыруу, калкты ыктыярдуу түрдө COVID-19дан массалык вакцинациялоого даярдык көрүү маселеси талкууланды.

«Белгиленгендей, COVAX программасынын алкагында вакциналардын биринчи партиясы республикага үстүбүздөгү жылдын март айында алынып келинет, ал эми экинчи бөлүгү экинчи кварталда жеткирилмекчи.Россия жана Кытайда чыгарылган вакциналарды пайдалануу маселеси иштелип чыгууда», — дейт өкмөт.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов калкты, биринчи кезекте, билим берүү жана медицина тармагынын кызматкерлерин ыктыярдуу вакцинациялоо боюнча ишти ыкчам жана сапаттуу жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика