Чүй облусунун Панфилов районунун тургундары Куаныш Каримжанов жана Адыл уулу Арген эки жумадан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-17 жаштагы балдар 19-январда үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келишкен эмес.
Куаныш Каримжанов
Бою — 155-160 сантиметр, арык, чачы кара. Кара түстөгү шапка, кызыл куртка жана кара түстөгү бут кийим кийген.
Адыл уулу Арген
Бою- 155-160 сантиметр, кыска кара чачтуу. Кара түстөгү баш кийим, жашыл куртка жана ак түстөгү шым кийген.
Балдар боюнча маалыматтарды бул телефон номурларына кабарлап коюуңуздарды өтүнөт: 0701430319, 0312607989, 0313751402.