Президент Садыр Жапаровго мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин автоунаасын белек кылышты. Бул тууралуу өлкө башчысы социалдык тармактагы баракчаларында маалымдады.
«00-01 ФИА» номерлүү атоунааны Кочкор районунун тургуну белекке берген.
«Бул унаа 1970-жылы Турдакун Усубалиевге берилген экен. Темир тулпар бир нече жыл тебилип, кийин соңунда Кочкордогу жердештеринин колунда көздүн карегиндей сакталып турган. Мени суктандырганы, машине дале жапжаңы, жакшы каралган. Кадимкидей от алып, тепсең Турдакун Усубалиевдин учурундагыдай эле зуулдайт», — дейт сүрөттөйт президент.
Мындай баалуу тарыхый буюм баарыбызга тең орток, баарыбыздын энчибиз. Турдакун Усубалиевден калган автоунааны Улуттук тарых музейине белекке тартуулоону туура көрдүм.
Садыр Жапаров.