13:28
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Данияр Сыдыков: Гүмжаржамды бөлүштүрүүгө катышкан эмесмин

Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмү, Тышкы иштер министрлиги жана элчилер тиешелүү жардамдарды тартуунун гана үстүнөн иштейт. Бул тууралуу президенттин тышкы саясат бөлүмүнүн мурдакы жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди.
 
Ал COVID-19 жайылган учурда элчиликтер жана жооптуу органдар күндөп-түндөп эмгектенгенин белгилейт.
 
«Биз жана ТИМ тараптан чет өлкөлүк өнөктөштөр менен бардык деңгээлде тынымсыз сүйлөшүүлөр уюштурулуп, колдон келишинче илдет менен жетишээрлик деңгээлде көбүрөөк жардам тартуу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында даяр болгон жардамдарды өз убагында Кыргызстанга жеткирүү үчүн да биздин элчиликтердин жана ТИМдин деңгээлинде көп иштер аткарылды. Себеби пандемияга байланыштуу чек аралар жабылып, аба каттамдары токтоп калган учур эле. Жардамды Кыргызстанга батыраак жеткирүүнү координациялоонун үстүнөн да иштедик», — дейт ал.
 
Данияр Сыдыков вирус күч алган кезде өзү дагы жуктуруп, ушул илдеттин өтө оор формасы менен ооруп калганын айтат.
 
"Анысы аз келгенсип жатаарга больница таппай, дары дармек издегенге көп убакытты коротуп алдым. Баягы өзүбүз чет өлкөдөн алып келип жаткан гуманитардык жардамдын "г"сын дагы көргөн жокпуз.
Үчүнчүдөн, бардык гуманитардык жардам Кыргызстандын аймагына келип түшкөн соң биздин тиешелүү мамлекеттик органдар (Саламаттык сактоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ж.б.) аларды тосуп алышкан. Себеби бардыгыбызга белгилүү болгондой, бул медициналык каражаттар атайын сактоочу жерлерди талап кылат", — дейт ал.
 
 
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби