Бүгүн конституциялык мыйзамдуулук боюнча парламенттик комитет өкмөттүн жаңы курамы менен программасын бекитет.
Жогорку Кеңештин аппараты 24.kg агенттигине берген маалыматына ылайык, Финансы жана экономика министрликтери Экономика жана финансы министрлигине бириктирилет.
Мамлекеттик салык кызматы жана Мамлекеттик бажы кызматтары жоюлат. Алардын милдеттери Экономика жана финансы министрлигине берилет.
Эске салсак, мурдагы өкмөттө 9 мамлекеттик агенттик жана 11 мамлекеттик кызмат иштечү.
Өкмөттүн жаңы курамында 12 гана министрлик болот. Экономика, социалдык маселелер жана күч блогу боюнча вице-премьерлер да кыскартылат.