Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина февралдын соңунда келет. Бул тууралуу Чүй аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнүн ачылыш аземинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
«Коронавирус инфекциясынын үчүнчү толкуну болору айтылууда. Бүгүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен сүйлөштүм, вакцинаны февралдын аягында аларыбыз күтүлүүдө», — дейт ал.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан «Спутник» жана Pfizer вакцинасын аларын билдирген.